13-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Тоолуу автожолдордо кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8,
Таласта түнкүсүн -1...+4, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7, күндүз 7...12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9,
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 6…8 градус болот.