Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20
Австралия-Кыргызстан беттеши. 12-ноябрь, 2015-жыл
Австралия-Кыргызстан беттеши. 12-ноябрь, 2015-жыл

Футбол: Австралия-Кыргызстан 3:0

12-ноябрда Канберра шаарында Кыргызстан менен Австралия командаларынын кезектеги беттеши өттү. Австралия менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 3:0 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктады.

Оюндун 40-мүнөтүндө Австралия капитаны Миле Единак айып тобун тээп алгачкы эсепти ачкан. Пенальти кыргыз футболчуларынын айып талаасынан жарым коргоочу Ислам Шамшиевдин австралиялык оюнчуга карата одоно оюн көрсөткөнүнө байланыштуу мелдештин башкы калысы Түштүк Кореялык Ким Сонг Ву тарабынан дайындалган эле. 50-мүнөттө экинчи голду австралиялыктардын коргоочусу Тим Кехил киргизүүгө мүмкүнчүлүк алды. 69-мүнөттө Австралия оюнчуларынын бурчтан узаткан тобун Кыргызстандын чабуулчусу Илдар Амиров башы менен сүзүп, кокусунан автогол кыргыз дарбазасына кирип кетти. Оюндун 77-мүнөтүндө кыргыз футболчуларынын коргоочусу Азамат Байматов жараат алып, анын ордуна чабуулчу Тамирлан Козубаев кирди. Оюндун аяктарына бир мүнөт калганда австралиялыктардын коргоочусу Тим Кехил кезектеги топту дарбазага тепкен. Бирок калыс офсайд абалында болгон деп голду эсептеген жок. Негизги убакыт аяктагандан кийин оюнга 3 мүнөт кошумча берилди. Бул убакытта талаа ээлери тараптан удаасы менен эки жолу кооптуу сокку узатылып, экөнү тең кыргыз дарбазачысы Павел Матяш тосууга үлгүрдү. Матяш бул оюнда дарбазага узатылган онго жакын топту тосо алды. Австралиянын Канберра шаарындагы бүгүнкү оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өттү. Аталган командалардын быйыл 16-июнда Бишкекте өткөн мелдеши 1:2 эсебинде коноктордун пайдасына аяктаган.

Ал эми бүгүнкү Австралия-Кыргызстан курамаларынын беттеши жүрүп жаткан кезде премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын футбол федерациясына барып, улуттук футболдун күңгөй-тескейин адистер менен бирге талкуулады. Аталган мекемеден билдиришкендей жолугушууга Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шейшенкул Бакиров баштаган бир катар мамлекеттик жана жеке ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйындын соңунда өспүрүмдөрдүн “Булгаары топ” мелдешин өлкөнүн бардык аймактарында кайра жандантуу, футболдук клубдарды негиздеп өнүктүрө турган уюмдарды таап, улуттук чемпионатка катышкан командалардын санын онго жеткирүү жана жаңы стадиондун курулушун тездетүү тапшырмалары коюлуп, аны ишке ашыруу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине жүктөлдү.

Сариев өткөн айда Бангладеш курамасын 2:0 эсебинде утуп алган соң Кыргызстандын улуттук курама командасына 200 миң сом бөлүп берген. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) ноябрдагы рейтингинде Кыргызстан 124-орунду ээлеп, өткөн айга салыштырмалуу 22 тепкичке көтөрүлгөн. Бул рейтингде Тажикстан 160, Казакстан 131, Түркмөнстан 121, Өзбекстан 71-орунда.

17:08 12.11.2015

17:08 12.11.2015

17:07 12.11.2015

17:07 12.11.2015

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG