Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Келдибеков күнөөсү жок экенин айтып, соттон акыйкаттыкты сурады


Коррупция үчүн соттолуп жаткан Акматбек Келдибеков бүгүнкү сот отурумунда күнөөсү жок экенин айтып, судьядан акыйкат өкүм чыгарууну өтүндү. Ал тергөө учурунда коюлган айыптар далил таппаганын билдирди.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фондду, Салык кызматын жетектеп келген саясатчы Акматбек Келдибеков боюнча сот өкүмү чыгат. Сот процессинин катышуучуларына акыркы сөз берилип, ушу тапта судья кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

Прокуратура Акматбек Келдибековду он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону сураган. Анын жактоочулары болсо жөнсүз айып коюлуп жатканын белгилеп, муну бийликтин куугунтугу катары сыпаттайт.

Келдибековго карата кылмыш иш ал коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен 2013-жылы күзүндө козголгон. (SdZ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG