Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Орусия Твиттерге эскертүү жасады


Москва Твиттер орусиялык колдонуучулары тууралуу маалыматтарды Орусияда сактоого тийиш деп эскертти.

Интернетке көзөмөл салган орган - Роскомнадзор мындай эскертүүнү Твиттер жакында өз саясатын өзгөрткөнүн жана жеке маалыматтарды чогулта баштаганын жарыялагандан кийин берди.

1-сентябрда Орусияда жарандардын жеке маалыматтары тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, интернет-компаниялар орусиялык кардарлардын маалыматтарын Орусиядагы серверлерде гана сакташы керек. Бул талапты аткарбаган интернет булактары өлкөдө жабылат.

Жаңы жобону жактагандар ал жеке маалыматтарды коргоо жана улуттук коопсуздукту бекемдөөгө багытталганын айтышат. Сынчылар болсо мамлекет интернетти өз көзөмөлүнө алууга аракеттенүүдө деген көз карашты карманышат.

Үстүбүздөгү июлда Роскомнадзор мыйзам Твиттерге жайылбайт деп билдирген. Бирок ал тапта компания жеке маалыматтарды чогултуу эрежесин киргизе элек болчу. Твиттер азырынча Орусиянын талабына байланыштуу комментарий жасай элек.

XS
SM
MD
LG