Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Президент мерт болгон милициянын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү


Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн фондунан Токмокто мерт болгон милиционердин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин атынан да 100 миң сом материалдык жардам берилип, Чүй милициясында иштегендер бир күндүк маянасын чогултуп берүүнү чечкен.

8-ноябрда Токмокто сууга чөгүп бараткан аялды куткарам деп шаардын милиция кызматкери Тынчтык Абдрахманов набыт болгон. Ал Бишкек-Торугарт унаа жолунунун 60-чакырымында шар аккан суу каналына түшүп кеткен аялды куткарам деп жатып өзү кошо мерт кеткен.

26 жаштагы Тынчтык Абдрахмановдун артында 2 баласы жетим калды. Ал милицияда иштегенине 2 жыл болгон. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG