Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Астанада аймактык чек ара коопсуздугу талкууланууда


Бүгүн Астанада КМШ мамлекеттеринин чек ара мекемелеринин жетекчилери жыйын курууда. Кыргызстандан анын ишине Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышууда.

Чек ара мекемесинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жыйында Ооганстандагы соңку аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Шериктештиктин тышкы чек арасындагы коопсуздуктун азыркы абалы жана келерки жылга божомол, кызматташтык планы талкууланды. Ошону менен катар чек арачылардын кесиптик даярдыгын жакшыртуу, эл аралык уюмдар менен кызматташуу маселелери да каралууда.​ (RK)

XS
SM
MD
LG