Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда адам аткезчилигине каршы жыйын өтүүдө


АКШ Мамлекеттик департаментинин маңзат жүгүртүүгө каршы бюросунун колдоосу менен Кыргызстанда милиция кызматкерлери үчүн адам аткезчилигине каршы семинар өтө баштады. Бүгүн Бишкекте башталган иш-чара кийинки аптада Ош шаарында уланат. Жалпысынан ага өлкөнүн бардык облустарынан 40 милиционер катышмакчы.

Адам аткезчилигин алдын алуу, кылмышты аныктоо ыкмаларына кыргызстандык адистерди Бириккен Улуттар Уюмунун маңзат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын эксперттери окутууда.

2010-2012-жылдары дүйнөдө 152 өлкөнүн жараны адам уурдоонун курмандыгы болгон. Адам аткезчилигинин көпчүлүк бөлүгүн сексуалдык кулчулукка алуу кылмыштары түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG