Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Келдибековдун адвокаттары шаардык сотко доо арыз менен кайрылат


Акматбек Келдибековдун адвокаттары шаардык сотко кайрылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров билдирди:

- Келдибековдун өзү жана башка жактоочулар менен бүгүн-эртең кеңешип, бир пикирге келебиз. Бирок менин жеке пикирим, сөзсүз түрдө апелляциялык арыз болот.

Бекназаровдун айтымында, парламент төрагасы кезиндеги иш боюнча айыптоо далилсиз болгондуктан Келдибеков акталышы керек болчу.

Бүгүн Бишкетин Биринчи Май райондук сотунда Келдибеков боюнча өкүм чыкты.

Ал Салык кызматын жетектеп турганда "Бизнес партнер" деген компания менен келишим түзүп, натыйжада мамлекеттик казынага 2 миллион 360 миң сом түшпөй калган деген айыпты сот далилсиз деп атап, толугу бойдон актады.

Ал эми Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда Москвада парламенттин өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу чечими боюнча ал күнөөлүү деп табылды жана 3 миллион сом айып төлөмөй болду.

Келдибеков 2013-жылы коррупцияга шектелип кармалган. Кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал 2002-2010-жылдары Социалдык фонддо, Бажы кызматында жана Жогорку Кеңеште жетекчи болуп иштеген. (SdZ/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG