Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Австралия-Кыргызстан футбол таймашында эсеп 2:0 болду


Австралия менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде талаа ээлери 2:0 эсебинде алдыда келе жатат. Оюндун 41-мүнөтүндө австралиялыктардын капитаны Миле Единак айып тобун тээп гол киргизди. Мелдештин башкы калысы кыргыз футболчуларынын айып талаасынан жарым коргоочу Ислам Шамшиевдин австралиялык оюнчуга карата одоно оюн көрсөткөнүнө байланыштуу айып тобун тебүүнү дайындаган.

49-мүнөттө экинчи голду австралиялыктардын коргоочусу Тим Кехил киргизип кетти.

Австралиянын Канберра шаарында ушу тапта өтүп жаткан оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG