Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Австралия-Кыргызстан футбол таймашында Амиров кокустан автогол киргизип алды


Австралия менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинин 69-мүнөтүндө австралиялыктар бурчтан узаткан топту Кыргызстандын коргоочусу Илдар Амиров башы менен сүзүп, кокусунан автогол кыргыз дарбазасына кирип кетти.

Буга чейин оюндун 41-мүнөтүндө австралиялыктардын капитаны Миле Единак айып тобун тээп алгачкы эсепти ачкан. Мелдештин башкы калысы кыргыз футболчуларынын айып талаасынан жарым коргоочу Ислам Шамшиевдин австралиялык оюнчуга карата одоно оюн көрсөткөнүнө байланыштуу айып тобун тебүүнү дайындаган. 49-мүнөттө экинчи голду австралиялыктардын коргоочусу Тим Кехил киргизип кеткен эле.

Австралиянын Канберра шаарындагы бүгүнкү оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG