Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Башкы прокуратура Келдибековдун өкүмү боюнча турумун аныктай элек


Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго чыккан соттун өкүмүн колго алгандан кийин гана мындан аркы кадамын аныктайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” прокуратуранын басма сөз кызматкери Алманбет Абдраманов билдирди. Прокуратура соттун чечимине каршы доо арыз менен жогорку инстанциядагы сотко кайрылабы же жокпу, азырынча карала элек.

- Чечим расмий түрдө сот тарабынан прокурорлордун колуна бериле электигине байланыштуу комментарий бере албайбыз - деди Абдраманов.

Өз кезегинде Акматбек Келдибековдун адвокаттары кеңешип, жакынкы бир-эки күндө шаардык сотко доо арыз менен кайрылуу, же райсоттун өкүмү менен макул болуу маселесин карай турганын билдирүүдө.

Мамлекеттик айыптоочулар Акматбек Келдибековду он жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялоону соттон суранган.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Келдибековду бир иши боюнча актап, экинчисине байланыштуу үч миллион сомго айыпка жыкты. (SDz)

XS
SM
MD
LG