Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Кыргызстанда кант диабетине байланыштуу маселе курчуду


Кант диабети менен күрөшкөн “ХэлпЭйдж Интернэшнл” уюму билдиргендей, ушул тапта Кыргызстанда 47 800 адам кант диабети менен каттоодо турат. Катталбагандарды кошкондо бул сан 100 миңге чамалайт. Аталган уюм дартка каршы мамлекеттик программанын, алтургай кант диабетин дарылоочу борбордун жоктугу келечекте кедергисин тийгизерин эскертүүдө.

Кыргызстанда эндокринологдор жетишпегендиктен көп учурда кант диабети менен ооругандарды үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фельдшерлери гана текшерет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында бир эндокринолог кызматы бар. Бирок ал штаттык орун болбогондуктан, айлык төлөнбөйт.

Жыл сайын мамлекет бейтаптар үчүн 106 миң сом бөлөрүн, бирок бул эч нерсеге жетпесин “ХэлпЭйдж Интернэшнл” уюмунун өкүлү Нурдин Саматов “Азаттыкка” билдирди:

- АКШда, Европада ар бир оорулууга жылына 9 миң доллар бөлүнөт. Биздин өкмөт бир бейтапка бир жылга 1900 сом берет. Ал 27 долларга барабар.

14-ноябрь – бүткүл дүйнөлүк диабетке каршы күрөш күнү. Бул датага байланыштуу бүгүн Бишкекте аталган уюм акция өткөрүп, бийликти жана жөнөкөй тургундары маселеге көңүл бурууга чакырмакчы.(SE)

XS
SM
MD
LG