Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Ирактын Синжар шаарында күрт күчтөрү “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы чабуулду күчөтүп, калааны согушкерлерден бошотуп алуу аракетин көрүүдө. Чабуулга АКШнын аба күчтөрү жардам берип жатат.

Сирияга чектеш жайгашкан Синжарга алып баруучу чоң жол бейшемби күнкү аткылоонун очогу болду. Эгер күрттөр шаарды бошотуп алса, “Ислам мамлекети” тобунун Ракка жана Мосул шаарларындагы согушкерлеринин ортосунда алака буулат.

АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү Питер Кук америкалык аскерлер жерден туруп аба соккуларын башкарууга жардам бергенин билдирди. Учактар бир суткада согушкерлердин 36 турумуна сокку урду.

Күрттөр бул шаарды өткөн айда эле жарым-жартылай ээлеген. Бирок согушкерлер чегинген эмес. Бул ирет операцияга 7 миңден ашуун аскер тартылган.

Синжар шаарын былтыр августта “Ислам мамлекети” радикал тобу басып алган. Калаанын айрым тургундары тоого качууга аргасыз болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG