Башкы прокуратура 12-ноябрь күнү Чүйдөгү №50 абактын мурдагы башчысы Имаш Телтаевди камакка алды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин башкы көзөмөл органынан кабарлашты.
Телтаев кызматына шалакы мамилеси, өткөн айда камактан 9 киши качып кеткени жана абак кызматкерлеринин өлүмүнө жол бергени үчүн кызматтан алынган эле.
№50 абакта отурган 9 адам 12-октябрга караган түнү абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кеткен. Аларды кармоо операциясы 10 күнгө уланган. Качкандардын алтоо өлүп, үчөө учурда камакта отурат. (SE)