Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Жалал-Абадда мечитке каттаган окуучуларга рейд жүрүүдө


Жалал-Абад облусундагы Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда мектептерге жума күндөрү көзөмөл жүргүзүлө баштады. Бул ыкма балдарды мектепти таштап, мечитке кетип калуусуна бөгөт коюу максатында колдонулууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, мектептерди текшерүү учурунда жума намазга кеткен окуучулар көп экендиги аныкталып, сабакка катышуу 55% төмөндөп кеткен.

Мечитке каттаган окуучулар менен иштешүү өнөктүгүнүн жыйынтыгы Билим берүү жана илим министрлигине кабарланып, тиешелүү сунуштар айтылып турат.

Жалал-Абад облусундагы 470 мектепте 200 миңден ашык окуучу билим алат. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG