Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Башкы прокуратура Келдибеков боюнча шаардык сотко кайрылат


Башкы прокуратура Келдибеков боюнча райондук соттун өкүмүнө макул эмес жана өз позициясын коргоо үчүн кийинки соттук инстанцияга кайрылат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Акматбек Келдибековго өкүмүн угузган. Ал Салык кызматын жетектеп турганда мамлекетке каржылык зыян алып келген деген айып боюнча далил табылбаганы үчүн акталып, парламент спикери кезинде Москвада Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн ачканы үчүн күнөөлүү деп табылган. Бул үчүн мамлекетке 3 миллион сом айыппул төлөсүн деп милдеттендирилген.

Башкы көзөмөл органы соттон Келдибековду эки иш боюнча тең соттоп, үй-мүлкүн тартып алып, өзүн 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө камоону суранган болчу.​

Кылмыш иш 2013-жылы ачылган. Алгач аны УКМКнын тергөө абагына камашып, кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарышкан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG