Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Жалал-Абадда жаштар шаарды шайлоодон калган жарнактардан тазалоодо


Жалал-Абадда жаштардын акциясы өтүүдө

Жалал-Абадда жаштардын акциясы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан жаштар жумалыгынын алкагында тазалык акциясы уюштурулуп, демилгечи топтор көчөлөрдө шайлоо алдында илинген үгүт жарнактарын тазалап жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык мэриянын жаштар комитетинин төрагасы Айбек Жолборсов билдирди. Буга чейин алар калаанын борбордук бөлүгүн таштандыдан тазалаган.

10-17-ноябрь облус аймагында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен жаштар жумалыгы деп жарыяланган. Анын алкагында маданий жана спорттук иш-чаралардан тартып тазалык акциялары уюштурулууда.

10-ноябрь жаштар жана 17-ноябрь бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү катары белгиленип келет.(RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG