Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Оштогу Гуманитардык педагогикалык институт 90 жылдыгын белгилөөдө


Ош шаарындагы педагогикалык институттун 90 жылдыгына карата жаңы окуу корпусу жана окуу жайдын музейи ачылат. Бүгүн өтүп жаткан маараке алкагында инновациялык техникалар фестивалы да уюштурулган.

Окуу жайдан билдиришкендей, азыркы Ош гуманитардык педагогикалык институту (ОГПИ) 1925-жылы педагогикалык курс катары негизделген.

Учурда аталган окуу жай педагогикалык багыттагы 18 жогорку, 8 орто билим адистиктери боюнча кадрларды даярдайт. Институтта 300дөй окутуучу 7 миңден ашык студентке билим берет.(YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG