Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Айдоочуга орой мамиле жасаган инспектор жазаланды


Бишкекте айдоочуга орой мамиле жасаган жол кайгуул кызматкери дисциплинардык жаза алды. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын кеңсесинен кабарлашты.

Акыйкатчыга шаар тургуну арызданып, 1-октябрда аны жолдо кетип баратканда инспектор токтотуп, өзүн тааныштырбай, орой сүйлөгөнүн айткан. Натыйжада шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги бул маселени талкуулап, милициянын кенже лейтененты А. Осмоналиевге карата дисциплинардык чара колдонду.

Соңку кезде жол кайгуул кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин ашкерелеген видеолор интернетке көп чыга баштады. Ошону менен катар милиция мас болуп алып айдаган, эреже бузган жарандардын саны көбөйгөнүн айтып келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG