Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

"Жихади Жон" деген согушкер жок кылынганы тууралуу маалымат текшерилүүдө


Би-Би-Синин Британиянын аскерий булактарына таянып маалымдаганына караганда, "Жихади Жон" деген ат менен белгилүү британиялык согушкер АКШнын пилотсуз учагы Сириянын Ракка шаарынан урган соккудан набыт болду.

“Ислам мамлекети” радикал тобу жарыялаган видеолордо анын барымтадагы Батыш мамлекеттеринин жарандарын мууздап жатканын көрсө болот.

12-ноябрда Пентагон Дрон учак жихадчыны ташып бараткан делген машинага сокку урганын ырастап, анын өлүп өлбөгөнү текшерилип жатканын кошумчалады.

"Жихади Жондун" өз аты Мохамед Эмвази. Барымтадагылардын тирүү калгандары аны канкор, ырайымсыз киши катары сүрөттөп, аларды кантип мууздарын ыракаттанып айтып берип, үрөйлөрүн учурганын жакшы көрчү дешет. Мурда Лондондо программист болуп иштеген Эмвази Кувейтте ирактыктардын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси 1993-жылы Британияга көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG