Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Кыргыз-орус фондуна чакан компаниялар менен да иштөө сунушталды


Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду дыйкандарга насыяны чакан кредиттик компаниялар аркылуу да берүү жагын караштырып көрүшү керек. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев аталган фонддон каржыланган насыялардын жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселесине арналган жыйында айтты. Анда айыл чарба тармагын колдоо тууралуу сөз болду.

- Бул насыяларга суроо-талап абдан чоң. Бирок калк арасында жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иши жүргүзүлбөй жатат. Бул кемчиликтерди эске алуу менен айыл чарба тармагын колдоого арналган насыяны тездетүү ишин күчөтүү керек, - деди Темир Сариев.

Фонд башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметованын маалыматына караганда, учурда айыл чарба тармагын колдоого багытталган насыяларга долбоорлор эки багыт боюнча тандалууда. Биринчиси “Айыл Банк” жана РСК-Банк, ал эми экинчиси фонддун өзү аркылуу.

Орусия Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген алгачкы жылдары колдоо көрсөтүү максатында 500 миллион доллар убада кылган. Анын жарымы кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебине келип түшкөн. ЕАЭБге Кыргызстан быйыл жайында кошулду. (RK)

XS
SM
MD
LG