Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

"Ислам мамлекети" радикал уюмунун катарында согушкан өзбек жараны соттолду


Өзбекстандын жараны Сирияда “Ислам мамлекети” тобунун катарында согушкандыгы үчүн 13 жылга абакка кесилди. Өзбекстандын Жогорку соту 13-ноябрда билдиргендей, 23 жаштагы Мухамад Абдуллаев күнөөсүн моюнга алып, 2013-жылы Орусиянын Астрахань шаарында аны радикалдардын жактоочулары жалдашканын, Сирияга Азербайжан жана Түркия аркылуу жөнөтүшкөнүн айтып берген. Сот тараткан маалыматка ылайык, ал кийин Сириядан кайрадан Түркияга кайтып, ал жерде бир жылча жашап туруп, Өзбекстанга келгенде камакка алынган.

10-ноябрда Орусиянын Башкы прокурору Юрий Чайка “Ислам мамлекетинин” катарында Жакыңкы Чыгышта 100 өлкөнүн, анын ичинде Орусиянын жана мурдагы советтик жумурияттардын жарандары согушуп жүргөнүн билдирген.

Сентябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директор орун басары Сергей Смирнов Сирия менен Иракта борбор азиялык 3 миңдей киши ар кыл исламчыл экстремист топтордун тарабында куралдуу жаңжалдарга катышып жатышканын айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG