Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Орусия спортчуларынын эл аралык мелдештердеги аброюн сактоо аракетинде


Орусиянын спорт министри Виталий Мутко
Орусиянын спорт министри Виталий Мутко

Орусия 2016-жылкы жайкы Олимп оюндарынан атлетчилери четтетилип калбашы үчүн болгон аракеттерин жасоодо. Эл аралык жеңил атлетика федерациясы допинг жаңжалы боюнча өз чечимин 13-ноябрда кабыл алып, орусиялык спортчуларга кандай чара көрүлөрүн жарыяламакчы.

Спорт министри Виталий Мутко өлкөнүн допингге каршы программасын реформалоодо кызматташууну сунуш кылды. Министрдин айтымында, Орусия азыркы лабораторияны жакшыртууга же жаңы антидопинг уюмун түзүүгө даяр. Ошол эле маалда ал Допингге каршы эл аралык агенттиктин дооматтарын “акылга сыйбас” деп атап, жуманын кечинде бул маселени Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах менен талкууларын билдирди.

Орусиянын Олимпиада комитетинин жетекчиси Александр Жуков Бах менен 12-ноябрда Швейцарияда кездешкен. Президент Владимир Путин буга чейин ички иликтөө жүргүзүлөрүн билдирген.

Допингге каршы эл аралык агенттик ушул жумада Орусияда допинг боюнча эрежелер сакталбай жатканын ырастаган.

XS
SM
MD
LG