Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

Британ соту Аблязовдун күйөө баласынын банк эсебин токтотту


Улуу Британия соту Казакстандагы "БТА банктын" мурдагы башчысы Мухтар Аблязовдун күйөө баласы Ильяс Храпуновдун активдерин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алганын Reuters агенттиги кабарлады. Женевада жашап, ишкерлик менен алектенген Храпунов "БТА банктан" мыйзамсыз чыгарылып кеткен акчаны жаап-жашырууга көмөктөшкөн деп айыпталууда.

Аталган банк келтирилген зыянды кайтаруу талабы менен Храпуновдун үстүнөн сотко кайрылган.

Ал Аблязовдун кызы Мадинаны алган. Швейцарияда баш калкалап жүргөн Алматынын мурдагы акими Виктор Храпуновдун өгөй баласы. Казак бийлиги 65 жаштагы Виктор Храпуновду коррупция үчүн айыптап, издөө жарыялаган.

Мухтар Аблязов 2013-жылдын жайынан бери Франциянын түштүгүндө абакта камалып жатат. Казакстандын жана Украинанын бийликтери расмий Парижге кайрылып, аны өткөрүп берүүнү суранышкан. Мекенинде Аблязов "БТА банктан" 6 миллиард доллар уурдаган деп шектелүүдө. Ал эми Орусия жана Украинада ага каржылык көз боемочулук кылган деген айыптар тагылган. Быйыл 17-сентябрда Франциянын премьер-министри Мануэл Вальс Аблязовду Орусияга экстрадициялоо боюнча жарлыкка кол койгон. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG