Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Өкмөт коалиция менен кызматташтыкты жакшыртуу үчүн координациялык кеңеш түзөт


Өкмөт парламенттеги башкаруучу коалиция менен кызматташтыкты эффективдүү жүргүзүү үчүн координациялык кеңеш түзмөй болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында айтылды. Премьер-министр Темир Сариев маанилүү өзгөчөлүк катары парламенттеги коалициялык көпчүлүк менен жаңыча форматтагы мамиле түзүүнү атады.

- Коалицияга кирген фракциялар өкмөткө экономикалык, структуралык реформаларды жана улуттук ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууга көмөктөшөт. Биздин, жалпыбыздын негизги максатыбыз – өлкөнү тез арада өнүктүрүү, - деди Сариев.

Координациялык кеңеште өкмөт үчүн актуалдуу жана маанилүү мыйзам долбоорлор, маселелер талкууланмай болууда.

Сариев бардык министрлик жана ведомстволорго Жогорку Кеңештеги профилдик комитеттер менен конструктивдүү жана тыгыз иш алып барууну тапшырды. (RK)

XS
SM
MD
LG