Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

Нарында жаштар саясаты талкууланды


Нарын облусунун жаш активисттери бүгүн атайын жыйын курушту. Анда жаштар саясатын жүргүзүүнү Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү натыйжалуу болору айтылды. Бул боюнча өлкө башчысына кайрылуу жолдонмой болду.

Жыйындын катышуучулары учурда жаштарга олуттуу көңүл бурулбай жаткандыгын белгилешти.

Мурда жаштар саясаты ар кайсы мекемелерге жүктөлүп, 2010-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги түзүлгөн. Быйылкы парламенттик шайлоодон соң өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, ал министрлик жоюлду жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кошуу сунушталууда. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG