Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Париждеги кол салуудан ондогон киши жан берди, барымтага алынды


Парижде атылган октон жарадар болгондорду тез жардам унаалары алып кетип жатат. 13-ноябрь, 2015-ж.

Парижде атылган октон жарадар болгондорду тез жардам унаалары алып кетип жатат. 13-ноябрь, 2015-ж.

Париждин бир катар райондорунда 13-ноябрда кечинде куралдуу кол салуулардан ондогон киши мерт болуп, 100дон ашуун адам жараат алды. Дагы ондогон адам барымтага алынганы кабарланууда.

Франциянын президенти башкалаада чукул кырдаал жарыялап, мамлекеттик чек аралар жабылганын жар салды.

Liberation гезити кабарлагандай, адегенде "Ле Карийон" барында ок атылып, андан кийин "Батаклан" театр-концерттер борборунда куралдуу кол салуу болгон. Шаардын борборуна жакын жердеги жолдо эки киши туш келди ок ачканы кабарланууда.

Франция менен Германиянын футболдук командалары беттешип жаткан стадиондун жанында жардыруулар болгону, оюнду коргону келген француз президенти Франсуа Олланд эвакуацияланганы маалымдалды.

Президент Олланд министрлердин чукул жыйынын чогултту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG