Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:56

Францияда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Франция куралдуу кол салуудан кийин чек араларын жаап, өзгөчө кырдаал жарыялады. Маалыматка караганда, Париждин борборундагы Батаклан театрындагы кол салууда кеминде 120дан ашуун киши мерт кетти. Куралчан адамдар жүздөй кишини барымтага алганы кабарланууда.

Париждин бир катар райондорунда 13-ноябрда кечинде куралдуу кол салуулар орун алган. Шаардын чок ортосунда жайгашкан ресторандагы жардыруу болгон. Стад де Франс стадионунун жанында жанкечти өзүн жардырып, ондогон адам мерт болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салгандардын бешөө өлтүрүлдү. Жергиликтүү бийлик Париждин жашоочуларын көчөгө чыкпоого чакырууда жана 1500дөй аскер шаардын ар кайсы райондоруна жөнөтүлдү.

Франциянын президенти Франсуа Оланд расмий бийлик кол салгандар менен аёосуз күрөшөрүн билдирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG