Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Түркияда "Жихади Жондун" шериги делген адам камалды


"Жихади Жон" деген ат менен белгилүү британиялык согушкер Мохамед Эмвазинин шериктеринин бири делген адам Түркияда, Стамбул шаарында кармалды. Учурда анын тек-жайын аныктоо аракеттери жүрүүдө.

Маалыматтарга караганда, Лондондун тургуну Айни Лесли Дэвис аттуу жаран мурда мыйзамсыз курал алып жүргөнү үчүн соттолгон жана 2013-жылы Сирияга согушууга кеткен, - деп жазат Би-Би-Си.

АКШ баштаган коалициянын маалымат катчысы полковник Стив Уоррен британиялык согушкер Мохамед Эмвазинин Сириянын Ракка шаарында аба соккусунан набыт кетиши бышыкталып жатканын билдирген. Бирок британ премьер-министри Девид Кэмерон анын өлгөн же өлбөгөнү азырынча белгисиз деп айткан.

“Ислам мамлекети” радикал тобу буга чейин "Жихади Жондун" барымтадагы Батыш жарандарын мууздап жаткан видеосун жарыялаган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG