Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Парижде кол салууда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Алдын ала маалыматтарга караганда, Франциядагы куралдуу кол салууларда каза тапкан жана жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Франциянын өзүндө Кыргызстандын элчилиги жок болгондуктан учурда тактоо иштери уланууда.

Кыргызстандын өкүлү Бельгия, Франциядагы элчинин жана Европа шериктештигинин комиссиясынын алдындагы туруктуу өкүлдүн милдетин аткарат. Элчилик Бельгияда жайгашкан.

Париждин бир катар райондорунда 13-ноябрда кечинде куралдуу кол салуулар орун алган. Андан кеминде 100дөн ашуун адам набыт болгону кабарланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG