Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:24

Ошто кутурган ит талаган наристе чарчап калды


Ошто ит талаган үч жаштагы кыз ооруканада каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облус аралык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Абдисамин Анарбаев кабарлады. Маалыматка караганда, ит кыздын бетин тиштегендиктен, оору тез тарап, дарылоого мүмкүн болбой калган.

1-ноябрда Ош шаарынын жакасындагы Учар айылында кутурма ылаңына күмөндөлгөн кара ит алдынан чыккан адамдарга жана иттерге тиш салган. Анын кесепетинен аталган айылдан үч адам жана Ош шаарынын аймагынан эки адам жабыркаган. Алар кутурмага каршы эмдөөдөн өтүп, дарыланган. (КЕ/ErN/YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG