Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Дүйнө лидерлери Францияга көңүл айтууда


Дүйнө лидерлери Францияга тилектештигин билдирип, көңүл айтууда. Саясатчылар жана жай тургундар соңку он жылдагы кандуу окуяны айыптап, француз элин колдой турганын билдирип жатышат.

Каргашалуу окуя болгондон бир сааттан соң АКШ президенти Барак Обама жана Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон телеканалдан кайрылуу жолдоду. Алар Франция элине көнүл айтып, терроризм менен күрөштө жардам берүүгө даяр экенин билдиришти.

Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер бул окуя аны “катуу нес” кылганын билдирди. Ишемби эртең менен жасаган кайрылуусунда Германиянын канцлери Ангела Меркел өз өлкөсү терроризмге каршы күрөшкө салым кошо турганын айтты.

- Германия Париждеги куралдуу кол салууну уюштургандарды жана ага жардам бергендерди табууга жардам берет. Эки өлкө тең Европа баалуулуктарын коргоо үчүн терроризм менен күрөштү улантат. Бул кол салуу бир гана Париждин эмес, жалпы баарыбыздын эркиндигибизге багытталган.

Мындан сырткары Ирандын президенти Хасан Роухани Париждеги куралдуу кол салууну катуу айыптап, муну “адамзатка каршы кылмыш” деп атады. Бул окуяга байланыштуу ал Европага сапарын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Орусиянын президенти Владимир Путин ондогон адамдын өмүрүн алган кандуу окуяга байланыштуу өз кесиптеши Франсуа Оландга көнүл айткан телеграмма жөнөттү. Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев француз элине көңүл айтып, президент Оландга телеграмма жөнөттү. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG