Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Париждеги чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ИМ тобу алды


“Ислам мамлекетти” террордук тобу Париждеги куралдуу кол салууга байланыштуу билдирүү таратты.

Топтун билдирүүсүндө бул чабуулдарды белине жарылуучу курларды тагынган жана куралчан сегиз бир тууганыбыз ишке ашырды. Бул чабуулдар “Ислам мамлекетинин" аймагына жасалып жаткан аба чабуулдарына жооп болду" деп белгиленген.

Франция бийлиги 13-ноябрдын кечинде Париждин бир нече жериндеги куралдуу кол салууда 127 адам мерт болгонун кабарлады. Жараат алган 80ге жакын кишинин абалы оор. Францияда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Чек аралары жабылып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG