Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алардын “аймагына” абадан сокку уруулар токтотулбаса, жаңы теракттар болорун айтып коркутууда. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ИМ тобу социалдык тармактар аркылуу Франциянын дарегине жаңы коркутууларды айткан видеоролигин жарыялаган. “Силер тынчтыкта жашабайсыңар, силер жадагалса базарга барганда коркуп каласыңар”, - деп айтылат экстремисттердин видеоролигинде.

Париждеги чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобу алган. Франциянын президенти Франсуа Олланд ИМдин аракетин өз өлкөсүнө каршы согуш актысы деп атаган.

13-ноябрдагы Париждин бир нече районундагы жардыруу жана ок атуулардан мерт болгондордун саны 120дан ашты. Ондогон адам жараат алып, 80дейинин абалы оор экени кабарланууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG