Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Кыргызстанда Улуттук паралимпиада комитети түзүлдү


Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпиондугунда. Малайзия, Куала-Лумпур, 2013-ж.

Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпиондугунда. Малайзия, Куала-Лумпур, 2013-ж.

Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлады. Майып спортчуларды сүрөп, аларга шарт түзүү боюнча буга чейин иш жүргүзүп келген уюм 14-ноябрдагы жыйында Бирдиктүү улуттук паралимпиада комитети болуп түзүлдү. Анын жетекчилигине Абдуалим Нишанов бекитилди.

“Майып адамдарга да спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Спорт алар үчүн абдан кымбат нерсе болбошу зарыл. Кыргызстандын атынан мындан ары эл аралык мелдештерге катышууну максат кылып жатабыз, - деди Нишанов.

Бирдиктүү улуттук комитетке жети - теннис, лыжа, велоспорт, жаа атуу, пауэрлифтинг, армрестлинг жана күрөш федерациялары кирди. Уюштуруу иштери жыйынтыкталган соң дзюдо жана сууда сүзүү федерациялары да кирери айтылды.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 168 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Алардын 27 миңи 18 жашка чейинки балдар. Министрлик майып балдар үчүн да өзүнчө олимпиада уюштурууну көздөөдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG