Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 03:13

Немцовдун өлүмүн тергөө мөөнөтү узартылды


Кремлдин саясатын сындап келген Борис Немцовду быйыл 27-февралда Москвада көчөдө атып кетишкен.

Кремлдин саясатын сындап келген Борис Немцовду быйыл 27-февралда Москвада көчөдө атып кетишкен.

Орусиянын тергөө комитетити оппозициячыл активист, маркум Борис Немцовдун өлүмүн тергөөнү 28-февралга чейин узартты. Тергөөчүлөр бул ишке катыштыгы бар деп кармалгандарга ушул мөөнөттө айыбын угузат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары тартип коргоо органдарына шилтеме кылып жазышууда.

Кремлдин саясатын сындап келген Борис Немцовду быйыл 27-февралда Москвада көчөдө атып кетишкен. Ал өлүмүнөн бир нече саат мурда Орусиянын Украинага мамилесине каршы жапырт жүрүш өткөрүүгө чакырык жасаган эле. Кылмышка шектелип буга чейин кармалган беш кишинин баары Кавказ чөлкөмүнүн тургундары.

Буга чейин адвокат Вадим Прохоров тергөөчүлөр Чеченстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы “Север” батальонунун мурдагы кызматкери Руслан Мухитдиновго сыртынан айыбы угузганын кабарлаган. Ал Немцовго кол салууну уюштурган деп шектелүүдө. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG