Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Бүгүн “Мээримдүү тыйын” акциясы жыйынтыкталат


“Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду уюштуруп жаткан “Мээримдүү тыйын” акциясы бүгүн жыйынтыкталат. Бул тууралуу аталган фонддун башчысы Хабиб Арзыкулов “Азаттыкка” кабарлады. Аталган акциянын алкагында май айында Чүй жана Бишкектеги ар кайсы мекемелерге 3 миңдей кутуча коюлган. Ага топтолгон каражаттар муктаж адамдарга атайын комиссиянын чечими менен берилет. Кутучуларга канча каражат топтолгону 16-ноябрда так белгилүү болот.

“Мээримдүү тыйын” жылына эки жолу уюштурулат. Кайрымдуулукка кайдыгер карабаган жарандар бул акцияга катышып, кутучага тыйын чогултушат. Арзыкуловдун айтымында, жыл башында жарыяланып майда жыйынтыкталган акцияда 600 миң сомдой каражат топтолгон. Натыйжада операцияга жана дары-дармекке муктаж 10дой кишиге жардам берилген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG