Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Париждеги кол салууну ишке ашыргандардын бири аныкталды


13-ноябрда Париждин 6 жеринде болгон теракттар 129 кишинин өмүрүн алып кетти

13-ноябрда Париждин 6 жеринде болгон теракттар 129 кишинин өмүрүн алып кетти

Франциялык тергөөчүлөр Париждеги кол салууларды ишке ашырган жанкечтилердин бирин аныктады. Маалыматтарга караганда, ал Франциянын жараны, 29 жаштагы Омар Исмаил Мостефай болуп чыкты. Анын тек жайы “Батаклан” концерт залындагы жардыруудан кийин табылган манжаларынын жардамы менен аныкталган. Мостефай буга чейин майда мыйзам бузуулары жана радикал көз караштагы адамдарга ыктаганы менен полицияга белгилүү болчу.

13-ноябрда Париждин 6 жеринде болгон теракттар 129 кишинин өмүрүн алып кетти. 350 чакты киши жарадар болуп, отузга чукулу оор абалда экени кабарланууда.

Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” радикал тобу алып, бул – Франциянын Сирия жана Ирактагы аба соккуларына жооп болгонун билдиришти. Чабуулдар маалында белдерине жардыргыч заттарды курчап алган тогуз террорчу набыт кетти.

Кечээ президент Франсуа Олланд чукул абал киргизип, үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG