Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Словакияда кулаган тик учакта ооган мигранттары болгон


Европа жол тарткан ооган мигранттары
Европа жол тарткан ооган мигранттары

Словакиянын расмий булактары ырастагандай, бир нече күн мурун өлкө чыгышында тик учак кырсыкка учураганда сегиз ооган мигрант набыт болду. Тик учак Украинада катталган.

Словакиянын Ички иштер министрлиги 14-ноябрда жасаган билдирүүдө "Ми-2 начар аба ырайына карабай аба кыймылын көзөмөлдөгөн системадан жашырынып, өтө ылдый учкан" деп айтылат. Украинанын чек ара кызматы буга чейин тик учакты адам аткезчилери мыйзамсыз мигранттарды ташуу үчүн пайдаланган болушу мүмкүн деп билдирген.

Тик учак Словакия-Украина чек ара аймагында кулаган. Бирок калың тумандан улам кырсык болгон жер эки күндөн кийин гана аныкталган.

XS
SM
MD
LG