Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

Француз полициясы Париждеги чабуулдарга шектүүгө издөө жарыялады


Француз полициясы Абдеслам Салахты издөөдө

Француз полициясы Абдеслам Салахты издөөдө

Полициянын 15-ноябрда тараткан маалыматына караганда, Бельгия жараны Абдеслам Салахка издөө жарыяланды жана ал “куралдуу жана коркунучтуу адам” деп аталды. Бельгия полициясы да аны камакка алууга чечим чыгарды. Француз полициясы тарабынан сүрөтү жарыяланган белгиялык Абдеслам Салах Париждеги террордук чабуулду уюштуруучулардан деп шектелүүдө.

Франциянын Коргоо министрлигинин кабарлоосуна караганда, алар Сириянын Ракка шаарындагы "Ислам мамлекетинин" эки объектисине абадан сокку урушту. 13-ноябрдагы Париждеги террордук чабуулдарга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" алган эле. Ал чабуулда 132 адам өлүп, 350сү жарадар болгон. Франциянын ички иштер министри Бернар Казнёв Париждеги чабуулдар чет жакта уюштурулуп, Бельгияда адамдар даярдалган деп билдирди. Бельгия полициясы Париждеги чабуулдардан кийин Брюсселде жети кишини камакка алды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG