Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Ооганстанда 12 талиб жок кылынды


Маалыматка караганда, учкучсуз учактын соккусу менен түштүк Ооганстанда талибдердин 12 жоочусу жок кылынды.

Нангархар провинциясынын губернаторунун өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, өлтүрүлгөндөрдүн үчөө оогандык, калгандары чет өлкөлүктөр. 14-ноябрда Кхогьян районунда урулган соккуда талибдердин региондогу көмүскө губернатору да мерт болгону кабарланууда.

Губернатордун өкүлү Ахмадзай Абдулзайдын айтымында, Ачин районун тазалоо боюнча эки жумадан бери жүрүп жаткан операцияда кеминде 150дөй талиб жоочусу жок кылынды, кыйласы жарадар болду. Бул арада Гилменд провинциясында чет өлкөлүк жоокерлерге каршы жанкечти бомба жардырып, андан бир жаран өлүп, он экиси жарадар болгону кабарланууда. Жардыруу 15-ноябрда провинциялык абактын алдында болгон.

НАТО күчтөрү аскерлеринин жабыркаганы тууралуу маалымат тарата элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG