Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Бишкекте улуттук коопсуздук маселеси талкууланат


Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн биргелешкен машыгуусу
Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн биргелешкен машыгуусу

Бүгүн борбордогу “Ак-Кеме” мейманканасында боло турган талкуу-жыйын “Бишкек форуму - 2015” тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу форумдун катышуучусу Токон Мамытов билдирди.

Маалыматка караганда, үч ай сайын жыйын кура турган форумда улуттук коопсуздук, чек ара коопсуздугу, маалыматтык коопсуздук, дин жана саясат, маданият, парламенттик жана парламенттик эмес оппозициянын айырмачылыктары жана көз караштары талкууланат.

Форумдун биринчи жыйынын күн тартибине улуттук коопсуздук маселеси коюлду. Жергиликтүү жана орус эксперттери катыша турган жыйынды “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын лидери Адахан Мадумаров алып барат. (AiT)

XS
SM
MD
LG