Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Обама жана Путин “Чоң жыйырмалыктын” саммитинде жолугушту


Америка президенти Барак Обама жана орус президенти Владимир Путин Түркияда “Чоң жыйырмалыктын” саммитинде жолугуп, расмий эмес сүйлөшүү өткөрүштү.

Ак үйдүн маалымдоосуна караганда, 15-ноябрда болгон 35 мүнөткө созулган сүйлөшүүдө эки лидер Сирияда жарандык согушту токтотуу үчүн сириялыктардын өздөрүнүн жетегинде маселени саясий жол менен чечүүгө өтүш керектигине макул болушту. Эки лидер Украинадагы чатакты да талкуулашты. Буга чейин Барак Обама Синай жарым аралында орус учагынын кыйроосуна көңүл айткан.

Түркия саммитинин күн тартибинде Париждеги террордук чабуулдар да коюлду. АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин жардамчысы Бен Родс Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекетине" чабуулду күчөтүү үчүн АКШ Франция менен бирге аракеттенерин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG