Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:48

Украина президенти өлкө чыгышында кол салуулар күчөшүн айыптады


Украинанын чыгышындагы өкмөттүк аскерлер

Украинанын чыгышындагы өкмөттүк аскерлер

Президент Петр Порошенко Орусияга ыктаган Украина чыгышындагы жикчилдер чабуулдарын күчөткөнүн айыптады. “Биз, кол салуулар көбөйүп, чатак кайра ырбай баштаганын көрүп жатабыз” деди Порошенко. Президент аскерлер өмүрүнө коркунуч келген учурда жооп кылып, ок чыгарууга буйрук бергенин эскертти.

Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен жикчилдердин ортосундагы кагылышуулар акыркы жумада көбөйө баштады. Украин президенти 15-ноябрда кайрылган күнү жикчилдердин чабуулунан бир аскер өлүп, сегизи жарадар болгону кабарланды. Андан бир күн мурун беш аскер курман болгону маалымдалган. Бул акыркы эки ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Жаңжалдашкан эки тарапты жараштыруу ишин колго алып жаткан Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму чабуулдардын күчөшү жарашуу жараянын жокко чыгарарын эскертти. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG