Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Ошто террордук уюмга адам топтогон жаран кармалды


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери
“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кыргызстандыктарды тартуу иши менен алектенет деп шектелген жаран милицияга сурак берүүдө. Аны 14-ноябрь күнү Ош эл аралык аэропортунан бир кишини Түркия аркылуу Сирияга жөнөтүп жаткан учурда Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгынын адистери колго түшүргөн. Милициянын маалыматына ылайык, шектүү Ноокат районунун тургуну, жашы 19да.

Анын экстремисттик аракети, жарандарды интернет аркылуу торго илип жүргөнү тууралуу күч органдарына 31-октябрда маалымат түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Кыргызстанда тыюу салынган “Катибат аль Имам Аль-Бухари” террордук тобунун мүчөсү экени аныкталды. Үйү тинтүүгө алынып, колдо жасалган жардыргыч заттар, диний-экстремисттик багыттагы материалдар табылган.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда Сирия жана Ирактагы террордук топторго барып кошулгандар саны 400-500дүн тегерегинде.

Өткөн жума экстремисттердин Франциядагы жардырууларынан соң өкмөт башчы Кыргызстанда да коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG