Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Бишкектеги француз элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды


Франциянын Бишкектеги элчилигинде Париждеги терактка байланыштуу көңүл айтуу китеби ачылды. Каалоочулар 16-17-ноябрь күндөрү дипломатиялык кеңсеге барып, өткөн жумадагы аткылоо жана жардырууларда мерт кеткендердин жакындарына, француз элине каалоо-тилектерин жазып калтырса болот. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

13-ноябрда Парижде жасалган террордук чабуулдарда 132 киши өлүп, 350гө жакыны жарадар болду. Терактка жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Окуянын эртеси Бишкекте активисттер француз элчилигинин жанына барып, көңүл айтышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG