Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

“Кыргызалтындын” аффинаждык заводунда тинтүү жүрдү


“Кыргызалтын” ишканасына таандык аффинаждык заводдо милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлеринин кийимин кийген кишилер тинтүү өткөргөнү боюнча иликтөө жүрүп жатат. Аталган мекемеден кабарлашкандай, окуя өткөн жуманын шаршембисинде болгон. Алар заводдун кароолчуларына күч да колдонгону, эмне үчүн тинтүүгө келгенин түшүндүрбөй, тиешелүү документтерди да көрсөтпөгөнү айтылат маалыматта.

Завод Чүйдүн Жайыл районунда жайгашкан. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов окуя иликтенип жатканын билдирди:

- Атайын даярдыктагы кызматкерлер милициядан тышкары УКМКда бар, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгында да бар. Сураштырып жатабыз. Биздин балдар барган эмес.

“Кыргызалтындын” аффинаждык заводу 11-13 кг өлчөмдө алтын куймаларын даярдайт. (SE)

XS
SM
MD
LG