Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Түркияда “ири” террордук чабуул алдын алынды


Түрк полициясынын атайын күчтөрүнүн ИМ тобунун согушкери деп шектелгендерге каршы операциясы. Диярбакыр, 26-октябрь, 2015-жыл.
Түрк полициясынын атайын күчтөрүнүн ИМ тобунун согушкери деп шектелгендерге каршы операциясы. Диярбакыр, 26-октябрь, 2015-жыл.

Түрк бийликтери бүгүн билдиргендей, Стамбулда мерчемделген “ири” чабуул Парижде террордук кол салуулар жасалган күнү алдын алынган.

Түркиянын полициясы 13-ноябрь күнү Стамбулдан камакка алган беш адамдын арасында британ жараны Айн Лесли Дэвис дагы бар.

Сирияда чет элдиктер олтурган түрмөнү кайтарган Дэвис башка төрт согушкер менен бирдикте Түркияга Сириядан өтүп келген.

Бирок алар чек арадан кайсыл күнү өтүшкөнү айтылган жок.

Түрк бийликтери азыр Стамбулда алдын алынган террордук кутумдун Париждеги чабуулга байланышы бар-жогун иликтөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG