Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Кыргызстан чек арада коопсуздук чараларын күчөттү


Экстремисттик иш-аракеттердин алдын алуу максатында Кыргызстан чек ара аймактарында коопсуздук чараларын күчөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев билдирди. Өткөн жумада Францияда болгон терактка байланыштуу өкмөт башчы бардык күч органдарына коопсуздукка көңүл буруу тапшырмасын берген.

Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн Дүйшөмбиевди кабыл алып, аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасын берди:

-Бардык коңшу өлкөлөр менен тыгыз байланышып, иштей жатабыз. Кыргыз-казак, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик, кыргыз-кытай чек араларында көзөмөл күчөдү. Андан сырткары, чек ара отряддарына да күчөтүлгөн тартипте кызмат кылуу тапшырмасын бердик,- дейт Дүйшөмбиев.

Серепчилер Кыргызстанда диний кырдаал татаалдашып баратканын белгилешет. Расмий кабарларга ылайык, Сирия жана Ирактагы террордук топтордун катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 400-500дүн тегерегинде. (SE)

XS
SM
MD
LG