Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

Өкмөт башчы чек арачыларды ротациялоону тапшырды


Кыргыз премьер-министри Темир Сариев коопсуздук чараларын күчөтүп, аткезчиликти азайтуу үчүн чек арачыларды ротациялоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиевди кабыл алган учурда айтты.

Дүйнөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу чек ара коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгилеген Сариев, өткөрмө пунктарында коррупциялык көрүнүштөр тыйылбай жатканын сындады. Аткезчиликти азайтуу боюнча кескин чараларды көрүүнү, бул үчүн чек ара кызматкерлерин ротациялоону, мыйзам бузган аскерлерди жазалоону тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлагандай, Райымберди Дүйшөмбиев өлкө чек арасында абал туруктуу экенин белгиледи.

Кыргызстан Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек аларында талаштуу аймактар бар. (SE)

XS
SM
MD
LG